14.11.2018 15:28

Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу  боюнча иш жабылды

Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу  боюнча иш жабылды

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун  жараксыз деп табуу  боюнча иш жабылды.  Себеби, доочу тарап арызын кайтарып алды. Бул туурасында бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун отурумунда белгилүү болду.

Сотто судья Алмаз Калыбаев Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунан экс-мэр Кубанычбек Кулматовго мурда берилген паспортту жараксыз деп табуу боюнча берилген доо арызды кароосуз калтыруу жана иштин материалдарын мекемеге кайтарып берүү өтүнүчү түшкөнүн билдирди. 

Отурумга департамент өкүлдөрү катышкан жок. Жыйынтыгында, сот өтүнүчтү канааттандырып, документтерди артка кайтарды. 

Жактоочу Сергей Слесаревдин айтымында, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Кулматов боюнча сот талап кылган документтердин жоктугунан улам доо арызды кайтарып алды. 

Эскерте кетсек, 14-июнда жемкорлукка айыпталып камакта жаткан Кулматовго УКМК «жасалма документ колдонгон» деген негиз менен дагы бир кылмыш ишин козгогон. 

Сентябрь айында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Биринчи Май райондук сотуна мурда Кубанычбек Кулматовдун атына берилген паспортторду ( ID жана жалпы жарандык) жараксыз деп табуу боюнча доо арыз жөнөткөн.

Муну «Кулматовго каршы козголгон кылмыш ишин териштирүүнүн алкагында, департамент тарабынан түзүлгөн комиссия  «Кулматов 1995-жылы Россиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын паспортун негизсиз алган» деген жыйынтыкка келди» деп түшүндүрүшкөн. Комиссиянын бул корутундусу УКМКга жөнөтүлгөнү маалымдалган. 

25-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда доо арыз каралып баштап, сот материалдардын түп нускасын талап кылган. Мындан улам,  Калкты каттоо департаментинин башкы адиси иш боюнча материалдардын түп нускасы УКМКда экенин билдирип, аларды сотко 3-жак катары катыштырууну өтүнгөн.

Бирок, УКМК сотко катышуудан баш тарткан.